20.10.2023

Ош шаарында көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлүүдө

Ушул жылдын 19-октябрында Ош шаарында көмүрдүн кымбатташына жол бербөө максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө учурда көмүр тартыштыгы жок экени аныкталган. Баалар туруктуу. Мурдаш, Бел-Алма көмүрлөрүнүн тоннасы 7000ден сатылууда. Мындан тышкары, бул иш-чаранын жүрүшүндө бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» […]
19.10.2023

Кара-Балта шаарында нан бааларына мониторнинг жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 9-октябрындагы №42 буругу менен 1 сорттогу буудай унунан жасалган нанына (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) белгиленген максималдуу дүң жана чекене бааларына Кара-Балта шаары боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг жана түшүндүрүү иштери Жайыл райондук мамлекеттик администрация жана Кара-Балта шаардык мэриясынын кызматкерлеринин катышуусунда болду. Мониторингдин […]
19.10.2023

Токмок шаарында нан бааларына мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 9-октябрындагы №42 буйругу менен 1- сорттогу буудай унунан жасалган нанга (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) белгиленген максималдуу дүң жана чекене бааларына Токмок шаары боюнча мониторинг жүргүзүлдү.Мониторинг жана түшүндүрүү иштери Токмок шаардык мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Н.Т.Түркмөнованын катышуусунда болду.Мониторингдин жүрүшүндө нан […]
Skip to content