
Кара-Балта шаарында нан бааларына мониторнинг жүргүзүлдү.
19.10.2023
Кара-Балта шаарында нан бааларына мониторинг уланууда
20.10.2023Ушул жылдын 19-октябрында Ош шаарында көмүрдүн кымбатташына жол бербөө максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө учурда көмүр тартыштыгы жок экени аныкталган. Баалар туруктуу. Мурдаш, Бел-Алма көмүрлөрүнүн тоннасы 7000ден сатылууда.
Мындан тышкары, бул иш-чаранын жүрүшүндө бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча бааларды белгилөө жолу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошону менен бирге белгилей кетсек, Ош шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын бардык аймактарында көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербөө боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө.





