18.10.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Таш-Көмүр шаарында, шаардык мэриянын экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Т.Меңдибаев менен биргеликте 2023-жылдын 18-октябрында 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан жана нан азыктарынын бааларына мониторинг жүргүзүштү. Мониторинг учурунда Таш-Көмүр шаарынын аймагында жайгашкан 4 навайканада нандын баасы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы навайканаларда 290гр. тандыр наны […]




