18.10.2023
Ош шаарынын мэриясы тарабынан түзүлгөн жумушчу топ өз ишин Ош шаарынын аймагында улантууда. Тагыраагы 2023-жылдын 16-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн адистери, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликтеОш шаарынын Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан нан бышыруучу жайларда (навайкана) жана нан сатылуучу жайларда 1-сорттогу буудай […]




