
Токмок шаарында нан бааларына мониторинг жүргүзүлдү
19.10.2023
Ош шаарында көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлүүдө
20.10.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 9-октябрындагы №42 буругу менен 1 сорттогу буудай унунан жасалган нанына (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) белгиленген максималдуу дүң жана чекене бааларына Кара-Балта шаары боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг жана түшүндүрүү иштери Жайыл райондук мамлекеттик администрация жана Кара-Балта шаардык мэриясынын кызматкерлеринин катышуусунда болду.
Мониторингдин жүрүшүндө нан (бөлкө нан) жана нан азыктарын (тандыр нан) өндүрүүчүлөр (нан бышыруучулар) жана сатуучулар арасында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нанына (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) баалардын максималдуу деңгээли белгилөө жөнүндө» буйрук менен тааныштырылды жана белгиленген баадан ашык саткан ишкерлерге ооз эки эскертүүлөр берилди.
Мониторинг учурунда нан (бөлкө нан) 1 кг 72,5 сом же бобосо 7,5 сомго чейин, нан азыктары (тандыр нан) 125 сом же 24 сомго чейин белгиленген баадан кымбат сатылып жаткандыгы аныкталды. Жыйынтыгы менен нан азыктарын (тандыр нан) чыгаруучу ишкерлерге бааны арзандатуу боюнча эскертүүлөр берилди.
Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө, Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдардын ченемдерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзүштү.
Чүй облусунун бөлүмүнүн бул багыттагы иштери мындан ары дагы улантылат.






