09.04.2025
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын төрагасы Ж.Б.Орозбаев, анын орун басары М.М.Иманкулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.К.Ташбалтаев, Кызматтын жалпы бөлүмүнүн адиси Н.Шадыбекова жана Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте 2025-жылдын 8-апрелинде өкүлчүлүктүн чоң залында Баткен шаарындагы жеке ишкерлер, Банк кызматкерлери, мекеме ишканалардын кызматкерлери менен коомдук жолугушуу болуп өттү. […]
09.04.2025
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын атынан «КГ кредиттик линия» кредиттик компаниясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде жарандарга насыя берүү тууралуу жалган маалыматтар Telegram, WhatsApp, Instagram социалдык баракчалары аркылуу тарап жаткандыгын билдирет. Буга байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматы бул маалымат чындыкка дал келбей турганын расмий билдирип, жарандарды этият болууга чакырат.
04.04.2025
2025-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Коллегия болуп өттү. Коллегияга КР Экономика жана коммерция министринин кураторлук кылган орун басары Гюльшат Асылбаева, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Коллегиянын отурумунун күн тартибинде: – монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылдагы ишинин жыйынтыгы; – көмүргө болгон бааны […]
03.04.2025
Студенттин укуктары бузулган учурда кайсы даттануу менен кайсы органга кайрылуу керектигин түшүнүү үчүн, ал укуктар кандайча бузулуп жатканын билүү маанилүү. Эгерде окуу жай студент менен билим берүү мекемесинин ортосундагы Келишимдин (Контракттын) шарттарын бузса (мисалы, төлөмдүн көлөмүн, мөөнөтүн, шарттарын жана формасын өзгөртүү, чет элдик валюта менен төлөм талап кылуу, билимин баалоо жана баалоо критерийлери тууралуу толук жана так маалымат берүүдөн баш […]
03.04.2025
Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө арналган бир айлыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары С.К.Оморов катышуусунда Нарын шаарындагы С.Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик университетинде мугалимдердин жана студенттеринин катышуусунда жыйын болуп өттү. Бул иш-чаранын жүрүшүндө “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым милдеттери кыскача түшүндүрүлүп берилди. Лекция учурунда төмөнкү маселелер […]

