Кыргыз Республикасынын Табигый монополиялардын субъекттеринин
03.04.2025Балыкчы шаарында №22 Кесиптик лицейинде “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамынын айрым талаптары түшүндүрүлүп,төмөнкү маселелер талкууланды
07.04.20252025-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Коллегия болуп өттү.
Коллегияга КР Экономика жана коммерция министринин кураторлук кылган орун басары Гюльшат Асылбаева, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Коллегиянын отурумунун күн тартибинде:
– монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылдагы ишинин жыйынтыгы;
– көмүргө болгон бааны убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалары;
– аралашкан.
Коллегиянын жыйынтыгы боюнча Кызматтын төрагасы Жээналы Орозбаев атаандаштыктын чектелген белгилерин аныктоо жана тийиштүү чараларды көрүү үчүн бардык рыноктордогу кырдаалды баалоо боюнча ишти күчөтүү зарылдыгын белгилеп, бардык аймактык бөлүнүштөргө социалдык маанилүү рыноктордогу баалардын өзгөрүшүнө ыкчам жооп кайтаруу максатында жер-жерлерде жергиликтүү бийлик органдары менен ишти күчөтүүнү жана өз функциялары менен ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барууну тапшырды.

