Социалдык маанидеги товарларга баалардын мониторинги жөнүндө
03.04.2025Кыргыз Республикасынын Табигый монополиялардын субъекттеринин МАМЛЕКЕТТИК РЕЕСТРИ
03.04.2025Студенттин укуктары бузулган учурда кайсы даттануу менен кайсы органга кайрылуу керектигин түшүнүү үчүн, ал укуктар кандайча бузулуп жатканын билүү маанилүү.
Эгерде окуу жай студент менен билим берүү мекемесинин ортосундагы Келишимдин (Контракттын) шарттарын бузса (мисалы, төлөмдүн көлөмүн, мөөнөтүн, шарттарын жана формасын өзгөртүү, чет элдик валюта менен төлөм талап кылуу, билимин баалоо жана баалоо критерийлери тууралуу толук жана так маалымат берүүдөн баш тартуу, кабыл алуу, чыгаруу, академиялык өргүү ж.б., башкача айтканда, анын керектөөчү катары укуктарын бузуу), студент #КРЭКМ караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу кызматына кайрылса болот.
Эгерде студенттин маселелери билим берүүнүн сапатына байланыштуу болсо, төмөнкү жагдайларга көңүл буруу керек.
Билим берүү тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү жана сапаты боюнча мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү функцияларын аткарган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги болуп эсептелет. Министрлик өз функцияларынын алкагында мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгат, билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия берет жана мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана билим сапатынын сакталышын көзөмөлдөйт.
Ошондуктан, билим берүүнүн сапатына байланыштуу суроолор боюнча аталган министрликке кайрылуу керек. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментине кайрылууга болот.
Эгерде студенттин укуктары бузулуп жатса, ал Акыйкатчыга да кайрылса болот.
Эгерде жогоруда аталган органдарга кайрылуулар натыйжа бербесе, айрым учурларда укуктарды сот аркылуу коргоого мүмкүн.
Антимонополиялык жөнгө салуу кызматына кайрылуу үчүн кат түрүндө төмөнкү дарекке жөнөтүүгө болот:
ш. Бишкек, Байтик Баатыр көч., 7б/1
Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адепсиз атаандаштыкты коргоо бөлүмү
Бөлүм башчысы: Казаков Руслан Темирович
Тел.: 57-46-10
Ошондой эле, электрондук кайрылууну төмөнкү e-mail дарекке жөнөтүүгө болот: priemnaya@antimonopolia.kg же кызматтын сайты аркылуу: https://antimonopolia.gov.kg/
.
.

