10.02.2025
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында кадрдык өзгөрүүлөр болду
2025-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Толомушевич Сыдыков Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Байсалович Орозбаев менен биргеликте жаңы дайындалган төраганын орун басарларын эмгек жамаатына тааныштырды. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Монополияга каршы жөнгө салуу […]
11.01.2025
Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтү узартылды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын 27-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө” №122 буйругуна ылайык көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу 2025-жылдын 15-февралына чейин узартылды.  Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө […]
04.12.2024
“Интелмед” ЖЧКсы тарабынан өзгөчө кырдаал учурунда атаандаштык мыйзамын бузгандыгына байланыштуу Монополияга каршы кызмат тарабынан 423 млн.сом төлөтүү жөнүндө кабыл алган токтомун Кыргыз Республикасынын Жогорку соту мыйзамдуу деп тапты
Covid-19 пандемиясынын учурунда Кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ПЧР-тестин колдонуу менен лабораториялык диагностика рыногунун анализдеринин жыйынтыгы көрсөткөндөй, “Интелмед” ЖЧКсы өзүнүн үстөмдүк абалынан пайдаланып, Covid-19 үчүн ПЧР-тестин колдонуу менен лабораториялык диагностика кызматына монополиялык жогорку бааны койгон. Буга байланыштуу, Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамын бузгандыгы үчүн “Интелмед” ЖЧКсынан 423 млн.сом өлчөмүндө республикалык бюджетке төлөтүү жөнүндө токтом кабыл алынган. 2024-жылдын 24-майында Бишкек шаарынын […]
27.11.2024
“Нур и Компани Плюс” ЖЧКсы тарабынан көмүрдүн баасы белгиленди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” №265 токтомунун 3-пунктун аткаруунун алкагында, “Кыргызкөмүр” МИнин кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү тарабынан 2024-жылдын 26-ноябрындагы №01-13/25 буйругу менен “Нур и Компани Плюс” ЖЧКнын көмүрүнө (КНС жана САС эске алуу менен) 1970 […]
26.11.2024
Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» Мыйзамын бузгандыгы үчүн «SAIMA TELECOM» ЖАКы жоопко тартылды
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинекараштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан КыргызРеспубликасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 404-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, «SAIMA ТЕЛЕКОМ» ЖАКына карата жаза-чарасынколдонуу жөнүндө токтом чыгарылган.Чечимди кабыл алууга компаниянын расмий сайтында белгилүүшарттарда белгилүү бир жерде Интернетке туташуу мүмкүндүгү жөнүндөмаалымат камтылбаган талаптагыдый эмес жарнаманын жайгашышы негизболгон.Компания бул токтом боюнча сотко кайрылган. Биринчи инстанциядагысоттун чечими менен Кызматтын чечими күчүндө калтырылган. […]