10.03.2023
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы К.Д. Тайлаковдун 8-март майрамына карата куттуктоосу
Урматтуу асылзат Апалар, эже-карындаштар! Жаз көктөмүн утурлай, жадырап кирип келген 8-март аялдардын Эл аралык майрамы менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктайм. Аялзаты дүйнөдө теңдешсиз аруу жан, кучагына ааламды батырган мээрими чексиз Эне. Аялзаты бар үчүн ар бир үйдө ыңаалаган наристе үнү жаңырып, коломтонун ысыгы өчпөй, түндүгүбүз бийикте көтөрүлүп турат. Аялзатынын кудурети, чыдамкайлыгы, чарчабаган мээнеткечтиги адам баласын алдыга умтултат. Кыргыз элибизде, кыз […]
10.02.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылдын 6-февралындагы №3-буйругу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” Мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылдын 6-февралындагы №3-буйругу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” Мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды. Макулдашылган көрсөткүч 15.
19.12.2022
2022-жылга “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузгандыгы үчүн салынган айыптар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын метрологиялык көзөмөл башкармалыгы, 2022-жылда Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык 741 мин сом акчалай айып салынып, республикалык бюджетке өндүрүлдү, анын ичинде декабрь айында  85000 сом салынды. Декабрь айында төмөнкү жоопкерчилиги чектелген коомдорго: эс алуу борбору «Карвен 4 сезона», медициналык борбор «Новомед»,  мобильдик оператор «Нуртелеком», медициналык клиника «Элдик Фемили», […]
19.12.2022
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү тарабынан көмүр сатуу менен алектенген жеке ишкерге КР укук бузуулар кодексинин талаптарын бузгандыгы үчүн айып пул салынды
2022-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү тарабынан рейддин жүрүшүндө көмүр сатуу менен алектенген жеке ишкерге Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 390-беренесинин талаптарын бузгандыгы үчүн айып пул салынган. керектөөчүлөр үчүн товарлардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн, жумуштардын) баалары (тарифтери) жөнүндө улуттук валютадагы маалыматтын жоктугу үчүн берилди
09.12.2022
Айланма жолдо жана Аламүдүн районунун аймагында көмүрдүн максималдуу баасын сактоо маселеси боюнча мониторинг жүргүзүлдү
2022-жылдын 6-декабрында, көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуунун алкагында, төраганын орун басары А.Ш. Тукунов, Кызматтын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн жана Чүй облустук бөлүмүнүн жетекчилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери жана КРнын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары С.Ж. Исманов менен биргеликте көмүрдү сатууда чекене баанын чектүү деңгээлинин сакталышы жана белгиленбеген […]