26.05.2023
Баткенде эт боюнча жагдай жөнгө салынды
Баткен шаарындагы эт рыногундагы кырдаалды жөнгө салуу, анын ичинде мал союуга болгон бааны көтөрүлүп кеткендиги боюнча КР ЭКМ алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаковдун тапшырмасы менен Кызматтын төрагасынын орун басары Ж.Б. Орозбаевдин жетекчилиги менен жана Кызматтын эксперттеринин катышуусунда жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топко Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын ченемдерин жана ченөө […]
25.05.2023
Көмүр өндүрүүчүлөр менен кеңешме өттү
Бүгүн 2023-жылдын 24-майында монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аянтчасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо жөнүндө” №220 токтомун аткаруунун алкагында “Кыргызкөмүр” МИнин өкүлдөрү жана көмүр казуучу компаниялардын өкүлдөрү менен 2023-2024-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүүдө ЖЭБ үчүн көмүрдүн баасын белгилөө маселеси боюнча кеңешме болуп өттү. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жана көмүр казуучу […]
23.05.2023
Жалал-Абад шаарында мониторинг жүргүзүлдү
2023-жылдын 18-19-май күндөрү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жалал-Абад облусунда болду. Кызматтык сапардын алкагында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы К.Д. Тайлаков Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т.Сыргабаев менен жолугушту. Тараптар облус аймагындагы монополияга каршы жөнгө салуу маселелерине токтолуп, социалдык маанидеги товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүүдө, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоодо жана атаандаштыкты өнүктүрүү жаатындагы мыйзамдардын талаптарын сактоодо тыгыз […]
16.05.2023
Авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өттү
2023-жылдын 15-май күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Ж.Б. Орозбаевдин жетекчилиги алдында Монополияга каршы кызматтын аянтчасында Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жана “Авиа Траффик Компани” ЖЧК, “Тез Джет” ЖЧК жана “Аэро Номад Эйрлайнс” ЖЧК авиакомпанияларынын өкүлдөрү менен республикалык ички авиакаттамдарга билеттердин баалары жөнүндө маселелерди талкуулоо, ошондой эле Бишкек-Баткен жана Бишкек-Раззаков багыттары боюнча авиабилеттердин баасынын жогорулашы […]
15.05.2023
Мамлекеттик символдор боюнча тегерек стол өттү
2023-жылдын 13-май күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Метрологиялык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Айнура Ахмеджанова баштаган адистер, Бишкек шаарынын №4 жалпы билим берүү мектебинин жыйындар залында тегерек стол өткөрүштү. Жыйынга Бишкек шаарындагы жалпы мектептердин өкүлдөрү катышты. Тегерек столдун максаты – «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун жана гербинин техникалык өзгөчөлүгү» тууралуу маалымат берүү болуп, атайын даярдалган презентация өткөрүлдү. Мамлекеттик символдорго коюлган талаптар боюнча […]