10.05.2023
СОГУШ АРДАГЕРЛЕРИНЕ ТААЗИМ!
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары – Жумашев Аспек Жумашевич менен Тольская Галина Ивановнаны майрам утурлай куттуктады. Жыл сайын 9-май Жеңиш күнүнө карата, Кеңешбай Тайлаков эки ардагердин ал-акыбалын сурап, белек-бечкектерин тапшырып келет. 99 жаштагы Аспек Жумашев жана 94 жаштагы Галина Ивановна согуштун оор күндөрүн башынан өткөргөн, бүгүнкү күндө жашы өйдөлөп калган ардагерлердин катарында. […]
10.05.2023
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар”
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Метрологиялык көзөмөл башкармалыгы тарабынан, “ЦУМ” соода борборунда жана Ош базарынын соода түйүндөрүндө маалымат берүү иш-чаралары өткөрүлдү. Сатуучуларга Мамлекеттик символдор тууралуу Кыргыз Өкмөтүнүн 11.04.2017-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык спецификациясын бекитүү жөнүндө” №205 токтомунун талаптары тууралуу маалымат берилди. Иш-чара учурунда, мамлекеттик символдор – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин техникалык өзгөчөлүктөрү, сүрөттөлүшү, желектин […]
10.05.2023
Поздравление от Федеральной антимонопольной службы РФ
Уважаемый Кенешбай Доскулович! Примите поздравления по случаю государственного праздника Кыргызской Республики — Дня Конституции! Главный закон государства является фундаментом развития общества, гарантом его прав и свобод, основой для проведения последовательных политических и социально-экономических преобразований. Пользуясь случаем, позвольте выразить уверенность, что российско-кыргызское сотрудничество в сфере конкурентной политики, основанное на уважении и дружественных отношениях между нашими народами, продолжит свое поступательное развитие. Желаю […]
04.05.2023
Монополияга каршы кызмат бензиндин баасын жогорулатпоо боюнча бир катар талаптарды койду
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Асссоциация нефтетрейдеров” ЮЖБга монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келүүчү аракеттерге жол бербөө жөнүндө эскертүү жана нефтетрейдерлерге тийиштүү сунуштарды берди “Нефтетрейдерлер ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин ушул жылдын май айында бензин тобунун баасын литрине 1,5-2 сомго жогорулатуу мүмкүндүгү жөнүндө ачык билдирүүсүнө байланыштуу, Кызмат тарабынан аталган бирикмеге монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келе турган аракеттерди жасоого жол бербөө […]
29.04.2023
Жалпы шаардык ишембилик
Бүгүн, 29-апрель күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын эмгек жамааты, жалпы ишембиликтин алкагында, бөлүнгөн участокто тазалоо иштерин жүргүзүштү. Таштандыларды чыгарып, бак-дарактардын айланасын тазалашты