
Ош шаарында нан бааларына мониторнинг жүргүзүү уланууда
18.10.2023
Бишкек шаарында нан бааларына мониторинг уланууда
18.10.2023Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы No 869 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын улуттук банкынын өкүлдөрү менен биргеликте Ош шаарынын аймагындагы Ош шаарындагы соода жана тейлөө ишканаларында (дарыканалар, коомдук тамактануу жайлары, чач тарачтар, базарлар, турмуш-тиричилик техникаларын сатуучу дүкөндөр ж.б.) POS-терминалдардын болушу жана колдонулушу, банк жабдууларын орнотуу зарылчылыгы боюнча мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Иш-чаранын жүрүшүндө 19 объектилери камтылды, ошол эле учурда 2 чарбакер субъектте банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды тейлөөгө арналган жабдуулардын (аппараттын) жоктугу аныкталды.
Жыйынтыгында жогорудагы 2 чарбакер субьектиге бир айлык мөөнөт менен банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды тейлөөгө арналган жабдуулардын (түзмөктүн) орнотуу боюнча эскертүү кагаздары берилди.
Керектөөчүлөрдүн укуктарын сактоо, коргоо жана Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларын бузууга жол бербөө максатында чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилерине (өкүлдөрүнө) түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, керектүү консультациялар берилди.
Ошондой эле сатуучулар (аткаруучулар) банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды (программалык-аппараттык түзүлүштү) орнотууга милдеттүү экендиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.





