Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын дарегине ****** аттуу жарандын электрондук кайрылуусу келип түшүп, анда “А. И…” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселеси көрсөтүлгөн
09.09.2025Ош шаарынын А.Масалиев жана У.Салиева көчөлөрүндө жайгашкан эт сатуучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү
10.09.20252025-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан, Ноокен жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациянын тийешелүү адистери, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын жетекчилиги жана Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери ошондой эле УТРК менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Ноокен районунунда ошондой эле Базар-Коргон шаарынын базарларында эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө ишкерлерге уй жана кой этине (сулп этинен башкасы) белгиленген чектик чекене баадан жогору сатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Учурда уй жана кой этине (сулп этинен башкасы) белгиленген чектик чекене баалардан ашкан жок.

