Жалал-Абад облусунда эттин баалары боюнча мониторинг жүргүзүлдү
09.09.2025Ноокат шаарынын борбордук базарындагы эт сатуучу жайларда мониторинг жүргүзүлдү
10.09.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын (мындан ары-Бөлүм) Ош шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери, “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте 2025-жылдын 10-сентябрь күнү Ош шаарынын А.Масалиев жана У.Салиева көчөлөрүндө жайгашкан эт сатуучу жайларга, мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен Ош шаарынын А.Масалиев жана У.Салиева көчөлөрүндө жайгашкан соода түйүндөрүндө мал эти 680 сомдон, кой эти 680 сомдон, сатылып жаткандыгы, белгиленген баадан ашык сатылбагандыгы аныкталды.
Мониторинг учурунда, Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан уй, кой эттерин сатуучуларга бааны негизсиз көтөрүүгө жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Жогорудагыдай иш-чаралар белгиленген графике ылайык шаардын башка аймактарында уланат.

