Этке (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) болгон баасына көзөмөл жүргүзүү мониторинг жөнүндө
19.02.2026Этке (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) болгон баасына көзөмөл жүргүзүү мониторинг жөнүндө
23.02.2026Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун
басары М.М.Иманкулов, борбордук аппараттын, облустук бөлүмдүн
кызматкерлери, 2026-жылдын 20-февралында Жалал-Абад облусунун
Манас шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым
укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында, өкүлчүлүктүн, райондук
мамлекеттик администрациянын башчыларынын орун басарлары (видео
байланыш аркылуу), шаарлардын вице-мэрлеринин жана жооптуу облустук
УКМК, облустук ички иштер башкармалыгы, райондук, шаардык
ветеринардык кызмат, салык кызматы, азык-түлүк сатуучу базарлардын, ири
дүкөндөрдүн ж.б. жетекчилердин катышуусунда Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 токтому
менен бекитилген Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик
жөнгө салуунун тартибине ылайык, анын ичинде уй жана кой этине болгон
бааны туруктуу кармоо, негизсиз бааны жогорулатпоо маселеси боюнча
жыйын өткөрүлдү.
Мындан сырткары, эт жеткирүүчүлөрдүн жана эт сатуучулардын
катышуусунда да башка жыйын өткөрүлдү.
Өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгы менен район, шаарлардагы эт
сатуучу базар, ири дүкөндөр эт сатуучу жайлардын ижара акысын 1-2 айга
албай, бекер иштетүү үчүн шарттарды түзүп берүүнү убада кылышты.
Өкүлчүлүк тараптан райондук мамлекеттик администрацияларга, шаардык
мэрияларга жогорудагы маселе боюнча иш алып барууга тапшырмалар
берилди.
Эт сатуучу ишкерлер бааны негизсиз жогорулатпай, Кызмат тарабынан
бекитип берген баада (680 сом уй эти, 690 сом кой эти) кармап сатууну убада
кылышты.

