Талас шаарында Социалдык маанилүү товарлардын бааларына керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү
07.02.2025Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында кадрдык өзгөрүүлөр болду
10.02.2025Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан социалдык маанилүү айрым товарлардын бааларына Нарын шаарында жайгашкан соода дүкөндөрүндө жана базарлардагы соода түйүндөрүндө мониторинг түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан социалдык маанилүү айрым товарлардын бааларына Нарын шаарында жайгашкан соода дүкөндөрүндө жана базарлардагы соода түйүндөрүндө мониторинг түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө, баалар төмөнкү баада сатылып жатканы аныкталды:
| Аталышы | Бирдиг. | Баасы сом/кг. | |
| Мин. | Макс. | ||
| Өсүмдүк майы | л | 130,00 | 160,00 |
| Кум-шекер | кг | 66,00 | 70,00 |
| Уй эти | кг | 580,0 | 590,0 |
| Кой эти | кг | 580,0 | 590,0 |
| Картошка | кг | 50 | 60 |
| Сабиз | кг | 35 | 45 |
| Пияз | кг | 30 | 35 |
Мониторингдин жүрүшүндө товарларды сатуучулар арасында социалдык маанидеги товарларга, баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Баалар негизсиз көтөрүлгөн учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөрү маалымдалды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө», «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

