Бишкек шаарында көмүр сатуу боюнча мониторинг жүргүзүлдү
06.02.2025Нарын шаарында азык-түлүк жүргүзүлгөн мониторинг боюнча
07.02.20252025-жылдын 07-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Талас район-шаардык ветеринардык башкармалыгынын кызматкери жана Талас райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкери болуп, Талас шаарындагы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана күнүмдүк керектелүүчү социалдык маанидеги товарлардын бааларына мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күндө Талас шаарында эттин баасы төмөндөгүдөй:
1. Уй эти 1 кг баасы 530-560 сомго чейин
3. Кой эти 1 кг 590-600 сомго чейин.
Ал эми касап каналарда уй этинин баасы ички эттери менен кошо 420-450 сомго чейин сатылууда.
Мындан сырткары, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү тарабынан Талас шаарында социалдык маанилүү товарлардын бааларына үзгүлтүксүз байкоолор, мониторинг жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө сатуучулардын берген маалыматына ылайык отборный картошканы дыйкандардан 47-45 сатып алып жатканын белгилешип, дүң сатуучулар 5 сом кошуу менен базарга 50-52 сомдон сатып жатканын жана басымдуу бөлүгү экспортко чыгып кеткенин билдиришти. Ал эми Талас шаарында жайгашкан картошка базарында бүгүнкү күндө майда картошканы 1 кг 30-35 сомго чейин, орточо көлөмдөгү картошканы 45 сомдон, отборный картошкаларын 50 сомдон сатылып жатканы белгилүү болду. Жашылча базарда отборный картошкалар 55 сомдон 63 сомго чейин, борбордук базардын тегереги 60-65 сомго чейин сатылып жаткандары белгилүү болду. Ал эми сабиздердин 1 кг баасы 30-45 сомго чейин жана пиязды 22-30 сомго чейин сатылып жатканы белгилүү болду.
Бөлүмдүн кызматкерлердин тарабынан ишкерлерге бааларды негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

