“Орто-Сай” базарындагы эт павильондоруна жана соода түйүндөрүнө көчмө мониторинг жүргүзүлдү
05.09.2025Жалал-Абад облусунун Аксы районунда эттин баалары боюнча мониторинг жүргүзүлдү
08.09.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү, Кочкор, Ат-Башы райондук мамлекеттик админстрациясынын өкүлдөрү жана салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2025-жылдын 7-августундагы “Кыргыз Республикасынын аймагында этке (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” №140 буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2025-жылдын 8-августундагы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2025-жылдын 7-августундагы “Кыргыз Республикасынын аймагында этке (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” №140 буйругун ишке ашыруу жөнүндө” №71 буйругун аткаруу максатында Кочкор, Ат-Башы райондорунда мониторинг жургүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө эт сатуучу дүкөндөргө түшүндүрүү иштери жана эскертмелер берилди, ошондой эле мониторингдин жыйынтыгында 3 жеке ишкерге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 290-беренсине ылайык айып пул салынды.

