Ош базарынын эт павильонунда көчмө мониторинг жүргүзүлдү
12.09.2025Экономика тармактарын жана калкын 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине керектөөчүлөрдүн топтору боюнча сатылуучу көмүрдүн дүң сатуу баалары белгиленди
16.09.20252025-жылдын 9-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын № 04-6/3866 тапшырмасына ылайык, калктын QR-коддор менен иштеген кайтарым байланыш системасын колдонуу жана жайылтуу боюнча маалымдуулугун жогорулатуу максатында Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Улуттук банктын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү жана Нарын облусунун Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте Нарын шаарынын жана Нарын облусунун соода түйүндөрүндө, коомдук тамактануу жайларында жана мекеме ишканаларында ишмердүүлүк жүргүзүүчү жерлерде банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, эки өлчөмдүү штрих код (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алууга арналган жабдуулардын (программалык-техникалык каражаттардын) бар экендиги жана колдонулушу боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө көпчүлүк мекемелер соода түйүндөрү QR-кодду, электрондук акчаларды жана POS-терминалдарды колдонулуп жатканды аныкталды.
Ошондой эле, бүгүнкү күндө Нарын облустук бөлүмү тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында ишкерлер менен маалыматтык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

