Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери көмүрдүн сатылышына көзөмөл жүргүзүштү
02.10.2024Каракол шаарындагы көмүр сатуучу жайларда жана ошондой эле социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
04.10.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, 2024-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын 19-августундагы №78 “Кыргыз Республикасынын аймагында көмүргө болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө”, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 20-августундагы №53 буйруктарын аткаруу менен облустук бөлүмдүн 12-сентябрдагы №32 буйругунун аткарылышы боюнча Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда көмүр сатуучу жайларда мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг учурунда көмүрдү белгиленген баадан жогору саткандар аныкталган жок.
Иш-чаранын жүрүшүндө облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” жана “Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Көмүрдүн баалары боюнча мониторинг жүргүзүлүп турат.




