Кант базарындагы абал жөнүндө
01.10.2024Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери көмүр сатуучу жайларда мониторинг жүргүзүштү
03.10.2024Ушул жылдын 2-октябрында Бишкектин шаарында жайгашкан көмүр сатулуучу жайларында көмүрдүн кымбатташына жол бербөө максатында Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери көмүрдүн сатылышына көзөмөл жүргүзүштү.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча бааларды белгилөө жолу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жана “Бишкек шаарынын аймагында 90 календардык күнгө көмүргө максималдуу бааларды белгилөө жөнүндө” Буйругу менен тааныштыруу иштери жүргүзүлдү.
Ошол эле учурда Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан көмүрдүн баасынын жогорулашына жол бербөө маселеси боюнча Бишкек шаарынын бардык райондорунда күн сайын мониторинг жүргүзүлүп жатканын белгилей кетүү керек.




