Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү тарабынан Ош шаарында тышкы жарнактарга мониторинг жүргүзүлдү
29.02.2024
Ош шаары боюнча бөлүмдүн башчысы Э.К.Мажитов бөлүмдүн аткарып жаткан иштери боюнча жергиликтүү каналга маек берди
01.03.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жана Кара-Көл шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлери менен биргеликте, 2024-жылдын 29-февраль күнү Кара-Көл шаарында соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгы менен төмөндөгүлөр аныкталды:
- 1-сорттогу буудай уну 28-36 сом;
- Кой эти 550-580 сом;
- Уй эти 480-500 сом;
- Тоок жумурткасы (10 даанасы) 120-140 сом;
- Кум шекер 78-85 сом;
- Тазаланган күн карама өсүмдүк майы 1литри 140-150 сом;
- Картошка 25-35 сом;
- Сабиз 25-35 сом;
- Пияз 25-35 сом;
- Таңгакталган макарон азыктары 75-85 сом;
Социалдык маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кара-Көл шаарынын соода түйүндөрүндө эмгектенген ишкерлерге бааларды негизсиз жогорулатпоо, керектөөчүлөр үчүн товардын, азык-түлүктүн бааларын көрүнүктүү жерде илинип туруусу жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын түшүндүрүп, ооз эки эскертүүлөр берилди.
Мындан арыда, бөлүм тарабынан социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлүп турат.





