
Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жана Кара-Көл шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлери менен биргеликте Кара-Көл шаарында социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү
01.03.20242024-жылдын 29-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн башчысы Э.Мажитов Ош шаарынын мэриясынын Ош-ТВ теле каналына Ош шаары боюнча бөлүм тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө маалымат берди. Негизинен социалдык мааниге ээ болгон азык-түлүк товарларынын акыркы күндөгү баалары, алардыни негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө жана алдын алуу боюнча бөлүм тарабынан жасалып жаткан иштер жөнүндө маалыматтар айтылды. Ошондой эле калк арасында күйүүчү майга болгон баанын кескин жогорулап кетүү жөнүндө кооптонууларына Оруссия өлкөсүндө экспортко тыйуу салынган боюнча чечими ЕАЭС өлкөлөрүнө жайылтылбай тургандыгы жөнүндө айтылып, шаар калкына тийиштүү маалыматтар берилди.




