
Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жана – “УТРК” телеканалынын журналистери менен биргеликте, Талас шаарында жайгашкан көмүр отуну сатылуучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү
28.02.2024
Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жана Кара-Көл шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлери менен биргеликте Кара-Көл шаарында социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү
01.03.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү (мындан ары – Бөлүм) тарабынан Ош шаарынын Монуева көчөсүнүн №83 дарегинде жайгашкан “Суши Тайм” тамактануучу жайынын ээси жеке ишкер А.Кыдыров Кыргыз Республикасынын Жарнак мыйзамынын 5-3 пунктарын бузгандыгы мониторинг жүргүзүү учурунда аныкталгандыктан ага карата эскертме берилди.
Кыргыз Республикасынын «Жарнак жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын сактоо максатында Ош шаары бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 27-февралында Ош шаарынын аймагындагы тышкы жарнактарга мониторинг жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө «Жарнак жөнүндө» мыйзамдын 5-3-беренесинин « Кыргыз Республикасынын аймагында жарнама мамлекеттик жана расмий тилдерде жана жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча Кыргыз Республикасында жашаган элдердин эне тилдеринде кошумча таратылат. Жарнаманын мамлекеттик тилдеги тексти мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдарга ылайык таризделиши керек.» беренесине карама-каршы келген мыйзам бузуулар аныкталган. Тактап айтканда, тышкы жарнама бир гана орус тилинде көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө” мыйзамдын талаптары аткарылбаганы үчүн эскертме берилди.



