
Поздравление от Федеральной антимонопольной службы РФ
10.05.2023
СОГУШ АРДАГЕРЛЕРИНЕ ТААЗИМ!
10.05.2023Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Метрологиялык көзөмөл башкармалыгы тарабынан, “ЦУМ” соода борборунда жана Ош базарынын соода түйүндөрүндө маалымат берүү иш-чаралары өткөрүлдү. Сатуучуларга Мамлекеттик символдор тууралуу Кыргыз Өкмөтүнүн 11.04.2017-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык спецификациясын бекитүү жөнүндө” №205 токтомунун талаптары тууралуу маалымат берилди.
Иш-чара учурунда, мамлекеттик символдор – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин техникалык өзгөчөлүктөрү, сүрөттөлүшү, желектин узундугунун жана туурасынын катышы, кездемеге жайгаштырууда түндүктүн өлчөмү менен нурлуу дисктин диаметринин дал келбестиги, күндүн нурларынын сан өлчөмүнүн ашыкчасы, кездеменин түсүнүн туура эмес тандалганы сыяктуу талапка жооп бербеген кемчиликтери аныкталды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин да техникалык өзгөчөлүктөргө шайкеш келбегени такталды. Гербдеги ак шумкардын алкагынын жоктугу, буудай сабактарынын ашыкча коюлганы, пахта сабагында оюм-чийимдин жоктугу, күндүн нурлары, көлдүн толкундары жетишсиз, ашыкча же жоктугу, Ала-Тоо чокуларынын түсү так эмес сүрөттөлүшү боюнча катачылыктар аныкталды.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы керектөөчүлөрдөн мамлекеттик символдорду сатууда жана сатып алууда Мамлекеттик символдордун КР Өкмөтүнүн 11.04.2017-жылы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө” № 205 токтомдун талаптарына жооп берүүсүн текшерүүнү жана көзөмөлдөөнү өтүнөт.





