Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Ала-Арча” кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды
03.05.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2022-жылдын 19-апрелиндеги №15 буйругуна өзгөртүү киргизилди
04.05.2023Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Асссоциация нефтетрейдеров” ЮЖБга монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келүүчү аракеттерге жол бербөө жөнүндө эскертүү жана нефтетрейдерлерге тийиштүү сунуштарды берди “Нефтетрейдерлер ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин ушул жылдын май айында бензин тобунун баасын литрине 1,5-2 сомго жогорулатуу мүмкүндүгү жөнүндө ачык билдирүүсүнө байланыштуу, Кызмат тарабынан аталган бирикмеге монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келе турган аракеттерди жасоого жол бербөө жөнүндө эскертүү берилди, ошондой эле КММ рыногунун ири ишкер субьекттерине төмөнкүдөй талаптар коюлду: – баалардын негизсиз жогорулашына жол берилбесин; – Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын так сакталсын; – жазгы талаа жумуштарын эске алуу менен КММ баасын кармап туруу боюнча бардык иш-чаралар жүргүзүлсүн; – сомго, ошондой эле АКШ долларына карата рублдин курсунун төмөндөшүн эске алуу менен бааларды эсептеп, КММ өздүк наркын эсептөөнү тонна эмес, литр менен жүргүзүү зарылдыгы. – рыноктогу кырдаал өзгөргөн учурда Кызмат менен кайтарым байланыш түзүп, алдын алуучу чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылсын. КММга карата баанын жогорулоо маселеси Монополияга каршы органдын өзгөчө көңүл борборунда турат. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар аныкталган учурда мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөөрү эскертилди.


