Көмүр сатуу түйүндөрүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
04.12.2024Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, көмүр сатуучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү
05.12.2024Covid-19 пандемиясынын учурунда Кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ПЧР-тестин колдонуу менен лабораториялык диагностика рыногунун анализдеринин жыйынтыгы көрсөткөндөй, “Интелмед” ЖЧКсы өзүнүн үстөмдүк абалынан пайдаланып, Covid-19 үчүн ПЧР-тестин колдонуу менен лабораториялык диагностика кызматына монополиялык жогорку бааны койгон. Буга байланыштуу, Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамын бузгандыгы үчүн “Интелмед” ЖЧКсынан 423 млн.сом өлчөмүндө республикалык бюджетке төлөтүү жөнүндө токтом кабыл алынган.
2024-жылдын 24-майында Бишкек шаарынын административдик соту “Интелмед” ЖЧКсынын административдик доо арызын жарым-жартылай канааттандырган.
2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаардык сотунун Административдик иштер боюнча соттук коллегиясы Бишкек шаарынын административдик сотунун 2024-жылдын 24-майындагы чечимин толугу менен жокко чыгарып, жаңы чечим чыгарган. “Интелмед” ЖЧКсынын административдик доо арызы канааттандыруусуз калтырылган.
2024-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту апелляциялык инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

