11.06.2025
2025-жылдын 10-июнь күнү, Ош шаарынын көчөлөрүндө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын сакталышы жана аткарылышы боюнча мониторинг (рейд) жүргүзүлдү. Мониторинг (рейд) алгач Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жүргүзүлдү, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрү, муниципалдык менчик башкармалыгынын, “Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан […]

