13.12.2022

«Улук-Ата» кафесинин жетекчилиги Кыргыз Республикасынын «Жарнак жөнүндө» мыйзамын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды

Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү тарабынан расмий тилде тышкы жарнакты жайгаштыруу боюнча мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» мыйзамдын 5-беренесинин 3-пунктуна карама-каршы келет. Жогорудагылардын негизинде «Улук-Ата» кафенин жетекчилигине карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” Кодексинин 403-беренесине ылайык жаза колдонуу боюнча протокол түзүлдү.
Skip to content