04.08.2025

Ош шаарындагы эт сатуучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын (мындан арыБөлүм) Ош шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери, 2025-жылдын 04-август күнү Ош шаарындагы эт сатуучу жайларга, мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жыйынтыгы менен мал эти Ош шаарында жайгашкан соода түйүндөрүндө, борбордук базарда 680 сомдон, кой эти 680 сомдон, сатылып жаткандыгы аныкталды. Мониторинг учурунда, Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан уй, кой эттерин сатуучуларга бааны негизсиз […]
04.08.2025

Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан соода-маркеттерине «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын сактоо максатында мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынОш шаары боюнча бөлүмү (мындан ары – Бөлүм) тарабынан Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан соода-маркеттерине Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын сактоо максатында, Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын 01-августунда мониторинг жүргүзүлдү.Мониторинг учурунда аталган соода маркеттеринин жетекчилерине жана кызматкерлерине керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
30.07.2025

Ош шаарынын аймагында тоок этин сатуучу жайларга “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” мыйзамынын алкагында мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү тарабынан, Кызматтын борбордук аппаратынын 2025-жылдын 2-июнундагы №14-12268 сандуу тапшырмасына ылайык Ош шаардык ветеринария башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Ош шаарынын аймагында тоок этин сатуучу жайларга “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” мыйзамынын алкагында мониторинг жүргүздү.Мониторинг учурунда тоок эттерине тийиштүү сертификаттарга мониторинг жүргүзүлдү жана түшүндүрүү иштери болду.
Skip to content