Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына атамекендик 8 кызматтык унаа берилди
10.06.2025Ош шаарынын көчөлөрүндө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын сакталышы жана аткарылышы боюнча мониторинг (рейд) жүргүзүлдү
11.06.20252025-жылдын 03-июнунда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаардык бөлүмүнө, Ош шаарынын тургуну М.А. арыз менен кайрылган: Арыздын мазмуунунда, 2025-жылдын 28-май күнү Ош шаарынын Масалиева көчөсүндө жайгашкан “П” той салонуна арыз ээси М.А. барып той салон менен ижаарага той көйнөгүн алуу максатында базар баасы 6 000 сомдук алтын сөйкөсүнүн бир даанасын күрөөгө коюп жазуу түрүндө келишим түзүп 3 күндөн кийин кайра барып, сөйкөмдү кайтарып бергиле, той көйнөгүн албай турган болдум деп сураган учурда, той салонунун ээси келишимде көрсөтүлгөн ижаара акы суммасынын жарымын бересиң андан кийин сөйкөңдү кайтарып беремин деп баш тартып койгон.
Жогорудагы маселе боюнча 2025-жылдын 03-июнунда М.А. арыз даттануусунун негизинде Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери “П” той салонунун ээсине, Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык ооз эки түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы менен, керектөөчүнүн арызы толук
канаатандырылып, анын күрөөгө койгон бир даана алтын сөйкөсү “П” той салонунун ээси тарабынан кайтарылып берилип, эки тараптын маселеси чечилди.
Андан сырткары “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын нормаларын сактоо боюнча “П” той салонунун ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

