02.12.2024
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен биргеликте, 2024-жылдын 26-ноябрында Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында көмүр сатуучу жайларга мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө Өзгөн районунун аймагында Ош облусунун аймагынан чыккан 1 кг көмүр 7,50 тыйынга чейин сатылып жаткандыгы аныкталды. Көмүрдүн баалары белгиленген максималдуу чекене баадан жогору […]

