Каракол шаары, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарында, Ысык-Көл облусунун райондорунда көмүр сатуучу жайларга, көмүрдун сатылышы боюнча мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
27.11.2024Кызматтын Чүй облустук бөлүмү Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүздү
29.11.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук
бөлүмүнүн кызматкерлери, Араван райондук мамлекеттик
администрациясынын кызматкерлери менен биргеликте, 2024-жылдын 26-
ноябрында Ош облусунун Араван районунун аймагында көмүр сатуучу
жайларга мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө Араван районунун аймагында Ош
облусунун аймагынан чыккан 1 кг көмүр 7,30 тыйынга чейин, ал эми КараКеченин көмүрү 9 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды. Көмүрдүн
баалары белгиленген максималдуу чекене баадан жогору саткан учурлар
катталган жок. Андан сырткары социалдык арзан баадагы көмүрлөр 5,50-6
сомдон сатылып жатат.
Мониторинг учурунда көмүргө болгон белгиленген максималдуу
чекене бааларды туура сактоо, таразаны камсыз кылуу жана көмүрдүн
бааларын керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерлерге жайгаштыруу боюнча
түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле, Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан көмүр сатуучуларга
бааны негизсиз көтөрүүгө жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын
так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

