Манас жана Айтматов райондорунда көмүр баасына мониторинг жүргүзүлдү
29.11.2024Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Алай районунун аймагындагы соода түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүлдү.
02.12.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен биргеликте, 2024-жылдын 26-ноябрында Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында көмүр сатуучу жайларга мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө Өзгөн районунун аймагында Ош облусунун аймагынан чыккан 1 кг көмүр 7,50 тыйынга чейин сатылып жаткандыгы аныкталды. Көмүрдүн баалары белгиленген максималдуу чекене баадан жогору саткан учурлар катталган жок.
Мониторинг учурунда көмүргө болгон белгиленген максималдуу чекене бааларды туура сактоо, таразаны камсыз кылуу жана көмүрдүн бааларын керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерлерге жайгаштыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле, Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан көмүр сатуучуларга бааны негизсиз көтөрүүгө жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

