24.09.2025
КР ЭКМ караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облусундагы бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү мамлекеттик органдардын, тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү жана УТРК «Жалал-Абад» телеканалынын журналисттери менен биргеликте эт азыктарына коюлган жөнгө салынган бааларды көзөмөлдөө боюнча рейд өткөрүштү. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жалал-Абад шаарынын борбордук базарлары жана шаар аймагында жайгашкан эт дүкөндөрү камтылды. Иш-чаранын негизги максаты – социалдык мааниси бар азык-түлүк товарларына негизсиз баанын өсүшүн […]

