Кара-Суу районунун аймагында эт сатуучу жайларда эттин белгиленген бааларынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү
22.09.2025Жалал-Абад шаарында эттин баалары боюнча атайын рейд жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымат
24.09.20252023–2027-жылдарга карата Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жана Улуттук банктын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын көзөмөл бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жеринде мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун аймагында жайгашкан соода түйүндөрүн, чарбалык субъектилерин жана дарыканаларды камтыды.
Мониторингдин жүрүшүндө жалпы 37 ишкердик субъект текшерилди. Анын ичинен 23 субъектте банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды жана QR-коддорду (эки өлчөмдүү штрих белгилерди) колдонуу аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алууга ылайыкталган жабдуулар орнотулганы аныкталды.
Калган 14 субъектте мындай жабдуулар орнотулбагандыгы белгиленди. Бул факты боюнча тийиштүү ишкерлик субъекттерине кемчиликтерди кыска мөөнөттүн ичинде жоюу талабы менен расмий эскертүү берилди.
КР ЭКМ караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана Улуттук банк калктын каржылык жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана накталай эмес эсептешүүлөрдү өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашырууну улантууда.

