Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын “Торговый” базарындагы эт сатуучу жайларга рейд жүргүзүлдү
22.09.2025Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда QR-код боюнча мониторинг жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымат
24.09.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жана мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын адистери менен биргеликте, 2025-жылдын 17-сентябрында Кара-Суу районунун аймагында эт сатуучу жайларда эттин (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) белгиленген бааларынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг жүрүшүндө Кара-Суу районунун аймагында,эттин баалары белгиленген максималдуу чекене баадан жогору саткан учур жана эттин баасы жөнүндө маалыматтар жок экендиги аныкталып, жыйынтыгында 2 айып пул салынды.
Мониторингдин жыйынтыгында, эт сатуучуларга эттин белгиленген баадан жогору сатпоо жана керектөөчүлөр үчүн сатылып жаткан эттин белгиленген бааларын көрүнүктүү жерлерге илинип туруусу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

