12.12.2023

Кызматтын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Чүй облусунда көмүргө болгон белгиленген максималдуу чекене бааларына мониторинг жүргүзүштү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери көмүргө болгон белгиленген максималдуу чекене бааларга 2023-жылдын 11-декабрында мониторинг жүргүзүштү. Мониторинг жана түшүндүрүү иштери Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ылдыйкы-Ала-Арча айылында жүргүзүлдү. Мониторингтин жүрүшүндө көмүр сатуучу жайларда, баанын илинбегендиги, таразалардын жоктугу аныкталды. Жыйынтыгы менен көмүр сатуучу ишкерлерге бааларды көрүнүктүү жерге жайгаштыруу, таразаны камсыз кылуу боюнча […]
12.12.2023

«Абдыш-Ата» ЖЧКсына энергетикалык суусундуктардын жарнамасын тараткандыгы үчүн айып пул салынды.

«Абдыш-Ата» ЖЧКсына энергетикалык суусундуктардын жарнамасын тараткандыгы үчүн айып пул салынды. Кызматка Бишкек шаарындагы азык-түлүк дүкөндөрүнүн биринде «Nitro» энергетикалык суусундуктарынын тышкы жарнамасы таратылып жаткандыгы жөнүндө арыз түшкөн. Жогорудагы жарнамада Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын 16-беренесинин 1-бөлүгү бузулган. Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, энергетикалык суусундуктардын жарнамасы тышкы жарнамада таратылбашы керек. Кароонун жыйынтыгы менен, Кызмат тарабынан жарнамалоого тыюу салынган товарлардын […]
11.12.2023

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында көмүргө мониторинг жүргүзүштү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылдын 18-октябрындагы №54 буйругунун негизинде, Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 26-октябрындагы №39 буйругун аткаруу максатында төмөндөгүчө маалымдайт. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү (мындан ары-Бөлүм) […]
Skip to content