
«Абдыш-Ата» ЖЧКсына энергетикалык суусундуктардын жарнамасын тараткандыгы үчүн айып пул салынды.
12.12.2023
Ош шаарында көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
12.12.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери көмүргө болгон белгиленген максималдуу чекене бааларга 2023-жылдын 11-декабрында мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг жана түшүндүрүү иштери Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ылдыйкы-Ала-Арча айылында жүргүзүлдү.
Мониторингтин жүрүшүндө көмүр сатуучу жайларда, баанын илинбегендиги, таразалардын жоктугу аныкталды. Жыйынтыгы менен көмүр сатуучу ишкерлерге бааларды көрүнүктүү жерге жайгаштыруу, таразаны камсыз кылуу боюнча эскертүүлөр жана тийиштүү билдирүүлөр берилди
Жыйынтыгы менен 3 (үч) көмүр сатуучу ишкерлерге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар Кодексинин 390-беренесинин негизинде 1000 сомдон айып пул салынды, баардыгы болуп 3000 сом.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде берилген эскертүүлөр өз убагында аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар Кодексинин ылайык чара көрүлөрү маалымдалды.
Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери менен биргеликте мониторинг жүргүзүүнү дагы улантат.





