13.12.2023

Метрологиялык көзөмөл башкармалыгы, 2023-жылдын                                   4-кварталындагы текшерүү планына ылайык, “Дан” Мамлекеттик ишканасын ишмердүүлүгүндө өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын  талаптарынын сакталышы, метрологиялык эрежелердин, ченемдердин өлчөө каражаттарынын абалы жана колдонуу боюнча метрологиялык көзөмөл жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча  жалпысынан 159 ченөө каражаттары текшерилди, анын ичинен 2 ченөө каражаттары  иштөөгө жараксыз, 1 ченөө каражаты  ( Белизномер СКИБ-М) мамлекеттик текшерүү мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталды, […]
13.12.2023

Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Жалал-Абад шаарында жана  Сузак районунда 2023-жылдын 12-декабрында көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүштү. Мониторинг учурунда Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда белгиленген баадан жогору сатып жаткан жайлар аныкталбады. Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда көмүрдүн баасы туруктуу, тактап айтканда маркасына жараша тоннасы эленбеген түрдө 4800 сомдон 7400 сомго, […]
12.12.2023

Бишкек шаарында көмүргө мониторинг жүргүзүлдү.

2023-жылдын 12-декабрь күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жана Ленин райондук администрация кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарындагы көмүр сатуучу жайларда мониторинг жүргүзүштү. Сатуучуларга белгиленген баадан ашык сатпоо боюнча эскертилди.Бүгүнкү күндө көмүр белгиленген баада сатылып жатат. Таңкыстык жок. “Кара-Кече” көмүрү 4700- 5500 сомдон, тандалган түрү 6000 сомдон сатылууда.
Skip to content