
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында көмүргө мониторинг жүргүзүштү
11.12.2023
Кызматтын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Чүй облусунда көмүргө болгон белгиленген максималдуу чекене бааларына мониторинг жүргүзүштү
12.12.2023«Абдыш-Ата» ЖЧКсына энергетикалык суусундуктардын жарнамасын тараткандыгы үчүн айып пул салынды.
Кызматка Бишкек шаарындагы азык-түлүк дүкөндөрүнүн биринде «Nitro» энергетикалык суусундуктарынын тышкы жарнамасы таратылып жаткандыгы жөнүндө арыз түшкөн.
Жогорудагы жарнамада Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын 16-беренесинин 1-бөлүгү бузулган.
Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, энергетикалык суусундуктардын жарнамасы тышкы жарнамада таратылбашы керек. Кароонун жыйынтыгы менен, Кызмат тарабынан жарнамалоого тыюу салынган товарлардын жарнамасын тараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык «Абдыш-Ата» ЖЧКсына карата айып пул салуу боюнча токтом чыгарылган.


