19.12.2023
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын тейлөө жана өнүктүрүү маселелерин натыйжалуу чечүү максатында калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча пилоттук долбоордун алкагында 27 муниципалдык ишкана түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын «Ичүүчү суу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгу” мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому […]




