
Талас облусунун Талас шаарында нан жана көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
15.12.2023
Ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын (тарифтерин) белгилөө (макулдашуу) жөнүндө
19.12.2023Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери Баткен шаардык мэриянын, салык кызматынын өкүлдөрү жана участкалык милиция менен биргеликте 2023-жылдын 15-декабрда Баткен шаарында көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүзгүлдү.
Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 25-октябрындагы №12 буйругуна ылайык Баткен облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли 90 календарлык күндүк мөөнөткө белгиленгендигин тааныштыруу максатында топ базада көмүр сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө көмүрдүн максималдуу деңгээли Баткен шаарында жана Баткен районунда Сүлүктү көмүрү тангакталганы 1 кг. 9,5 сомдон жана 1 тн. 9000 сомдон, ал эми жергиликтүү көмүрдүн 1 тн. 7000 сомдон белгиленгени жөнүндө маалыматтар айтылып, ишкерлерге кышкы жылуулук берүү мезгилинде көмүрдүн жөнгө салынган баасында туруктуу кармоо жана негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө керектиги түшүндүрүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен Баткен шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндөгү көмүр сатуучу 3 жеке ишкерлер А.М.Т., Т.Р.Т. жана К.Г.И. Сүлүктү көмүрүн белгиленген баадан жогорулатып саткандыгы үчүн бузуулар Кодексинин 290-беренесинин негизинде айып пул салынды.





