
Баткен облусунун Баткен шаарында көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
15.12.2023
Кыргыз Республикасынын товар рынокторундагы үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субьекттердин мамлекеттик реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
19.12.2023Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын тейлөө жана өнүктүрүү маселелерин натыйжалуу чечүү максатында калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча пилоттук долбоордун алкагында 27 муниципалдык ишкана түзүлгөн.
Бүгүнкү күндө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын «Ичүүчү суу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгу” мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген “Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъектердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык 12 муниципалдык ишкананын баалары (тарифтери) каралып, белгиленгенди (макулдашылды).
Ошондой эле башка муниципалдык ишканалардын тарифтерин кароо, жана макулдашуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.



