21.02.2024

Ош базарда социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлдү

    2024-жылдын 21-февраль күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери Ош базарда социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүштү.    Социалдык маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан соода түйүндөрүндө эмгектенген ишкерлерге бааларды негизсиз жогорулатпоо, “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Мындан ары да бөлүм тарабынан социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлүп турат.
21.02.2024

Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын мучолору менен биргеликте, Ысык-Кол областынын Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнундө» мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктусунун талаптарын сакталышы боюнча мониторинг өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын мүчөлөрү  менен биргеликте, 2024-жылдын 20-февралында Ысык-Көл областынын Каракол шаарында  тышкы жарнамаларга мониторинг жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө»  мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарнама мамлекеттик жана расмий тилдерде жана жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча Кыргыз […]
20.02.2024

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын ишеним байланыш номерине  С.С.А. аттуу жаран тарабынан кайрылуу түшкөн. Кайрылуусунда керектөөчү 2024-жылдын 18-февраль күнү Талас шаарындагы мончолордун биринде кызынын кышкы бут кийими жоголгондугу тууралуу билдирген. Керектөөчүнүн арызы 2024-жылдын 19 февралында КР ЭжКМнын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүндө каттоого алынган. Арыздын негизинде кызмат көрсөтүүчү мончонун ээсине […]
Skip to content