26.02.2024

Баткен аймактык  бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Баткен  шаарынын соода түйүндөрүнө социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү.

Ушул жылдын 26-февралында  Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине  караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын  Баткен облустук бөлүмүнүн, Баткен шаарынын мэриясынын, жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин  Аймактар аралык башкармалыгынын  Баткен аймактык  бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте, Баткен шаарында соода түйүндөрүнө  социалдык жактан маанилүү товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү.  Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча  баалары: – 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) 1 кг.34,00-36,00 […]
26.02.2024

Кара-Суу районунда базарында социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-Суу районунун базарында социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө, Кара-Суу районунун базарында баалар төмөнкүдөй: Мониторинг учурунда, сатуучуларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
22.02.2024

Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун аймагында көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүлдү

2024-жылдын 22-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун аймагында көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүлдү.                    Мониторингдин жүрүшүндө Кара-Суу районунун аймагында көмүрдүн 1 тоннасынын баасы: майдасы 3500-4000 сом, ал эми эленгени 6000-7300 сомго чейин сатылып жаткандыгы белгилүү болду. Андан сырткары, сатуучуларга бааны негизсиз көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. […]
Skip to content