
Ош базарда социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлдү
21.02.2024Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын мучолору менен биргеликте, Ысык-Кол областынын Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнундө» мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктусунун талаптарын сакталышы боюнча мониторинг өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын мүчөлөрү менен биргеликте, 2024-жылдын 20-февралында Ысык-Көл областынын Каракол шаарында тышкы жарнамаларга мониторинг жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарнама мамлекеттик жана расмий тилдерде жана жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча Кыргыз Республикасында жашаган элдердин эне тилдеринде кошумча таратылат.
Жарнама жазуу жүзүндөгү жана оозеки тексттеринде адабий тилдин ченемдери (алфавит жана орфографиялык эрежелер) сакталууга тийиш.
Мониторинг убагында 7 (жети) Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» мыйзамын бузуулар аныкталып жарнама ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп билдирүү кагаздары берилди.




