20.02.2024

Ош шаары бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагындагы тышкы жарнактарга мониторинг жүргүзүлдү.

        Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү (мындан ары – Бөлүм) тарабынан Ош шаарындагы дүкөндүн бетине илинген “Fresh Bаr” ичимдиги жөнүндө жарнакты тараткан дистибьютерине  эскертме берилди.         Кыргыз Республикасынын «Жарнак жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын сактоо максатында Ош шаары бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 19-февралында Ош шаарынын аймагындагы тышкы жарнактарга мониторинг жүргүзүлүп, анын […]
20.02.2024

Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүштү.

Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери, 2024-жылдын 19-февраль күнү Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда, көмүр сатуучу түйүндөрдө көмүрдүн баасынын жогорулашына жол бербөө максатында мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жыйынтыгы менен көмүрдүн 1 тоннасы, майдасы 3000-3500 сом, эленбегени 4500-6500 сом, ал эми эленгени 5500-7000 сомдон сатылып жаткандыгы анык болду. Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда көмүр жетиштүү көлөмдө, таңкыстык жок.
20.02.2024

Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 2024-жылдын 16-февраль күнү Аксы районунун Кербен шаарынын соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарларга, ошону менен бирге күйүүчү жана майлоочу майлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгы менен төмөндөгүлөр аныкталды: Социалдык маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кербен шаарынын соода түйүндөрүндө  эмгектенген ишкерлерге бааларды […]
Skip to content