Кыргызстан атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча эл аралык тажрыйбаны изилдөөнү улантууда
10.03.2025Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө каратааткарылган иштер жөнүндө
12.03.20252025-жылдын 11-март күнү, Ош курулуш колледжинин студенттерине
“Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнүн тарыхы.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү керектөөчүлөрдүн укуктары жана кызмат
көрсөтүүчүлөрдүн жоопкерчилиги” аттуу темаларында окутуу лекциясы
өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, “Бүткүл дүйнөлүк
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо 15-март күнүнө” карата түзүлгөн бир
айлык иш-мерчемге ылайык, Кызматтын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн
адистери тарабынан Ош курулуш колледжинин студенттерине, Бүткүл
дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнүн тарыхы, кызмат
көрсөтүү чөйрөсүндөгү керектөөчүлөрдүн укуктары жана кызмат
көрсөтүүчүлөрдүн жоопкерчилиги” аттуу темаларында окутуу лекциясы
өткөрүлдү.
Лекциянын жүрүшүндө студенттер тарабынан берилген ар кандай
суроолорго жооптор берилип, Кызматтын керектөөчүлөрдүн укуктарын
коргоо тармагындагы укук ыйгарымдары жөнүндө кеңири маалыматтар
берилди.

